19.06.2019 10:35

Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алуу чечимине Каныбек Иманалиев кол койгон

Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алуу чечимине Каныбек Иманалиев кол койгон

Эл аралык иштер боюнча комитеттин Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алуу чечимин Каныбек Иманалиев колдогон.  Социалдык тармактарда комитеттин 2013-жылкы чечиминин сүрөтү жарыяланды.  

Документте «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоору үчүн комитет насыялык макулдашууну карап чыкты» деп жазылган. Ал макулдашууда кыргыз өкмөтүнүн атынан Каржы министрлиги жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы тууралуу айтылат. Отурумдун жыйынтыгы боюнча комитет документти жактырууну чечкен. Чечимге Каныбек Иманалиев өзү кол койгон, ал 2013-жылы аталган комитеттин төрагасы болуп турган. 

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку өкмөт башчылар дагы бар. 

Ал эми Каныбек Иманалиев учурда экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карап жаткан депутаттык комиссиянын төрагасы. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып тагып, анын ичинде «Бишкек ЖЭБин жаңылоочу компанияны Атамбаев өзү тандап, бул иштен мамлекетке чоң зыян келтирилген» деген кине да бар.